Алмазбек Атамбаев сотто өзүн жаман сезип, “Тез жардам” чакыртылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча сот процесси өттү.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып барышты.

Сот процессинен кийин Атамбаев өзүн жасан сезип, “Тез жардам” чакыртылды. Аны “Тез жардам”  №47 абакка алып кетти.

Алмазбек Атамбаев аны сотко мажбурлап алып келгенден бери ден соолугу начарлаганын ЖМКга билдирген. 

Онунчу октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кадыр, Сейид Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов “массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Кийинчерээк Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков бошотулган.

Сүрөт: Апрель ТВ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты