Алмазбек Атамбаев сотко катышууда  

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы баш аламандык боюнча кылмыш иши каралып жатат.

Сотто мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди. Ошондой эле сотко Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев катышууда.  

Алмазбек Атамбаев аны сотко мажбурлап алып келгенден бери ден соолугу начарлаганын ЖМКга билдирди.  

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүндүгү тууралуу суроого Алмазбек Атамбаев журналисттерге мындайча жооп берди:

“Силер менин мүнөзүмдү билесиңер. Мага чын ыкластан гана мамиле жасалыш керек. Мен ар бир жолу  сотту менсиз өткөрүү тууралуу суранып жатам. Батукаев боюнча мен райондук да, шаардык да, Жогорку сотто да болгон жокмун. Азыр деле ошондой кылса болмок, мен буга каршы эмесмин. Мейли, өмүр бою деле эркимен ажыратып жиберишсин, бирок мени кыйнашпасын Бирок качандыр бир убакта мен боштондукка чыгам”  деди Алмазбек Атамбаев.

Онунчу октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кадыр, Сейид Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов “массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Кийинчерээк, Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков бошотулган.

Сүрөт: Апрель ТВ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты