Алмазбек Атамбаев сотто: Мени бул «циркке» катыштырбай эле өткөргүлө

Бүгүн, 1-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, саясатчы Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши карала баштады.

Атамбаев соттук отурум башталганда сотту ансыз эле өткөрүүнү “бул циркке” аны катыштырбай эле өткөрө берүүнү өтүндү:

«Мени бул соттон бошотуп эле өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып-келиш да кыйын болуп жатат, Мени бул «циркке» катыштырбай эле өткөргүлө», — деди.

Атамбаев сотто орнотулган темир торду тепкиледи жана андан кийин залынан чыгарышты.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир алып берүүдө.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты