Алмазбек Атамбаев: Өмүр бою кескиле,  бирок шылдындоону токтоткула!

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү улантылып жатат.

Сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үч грыжасы бар экенин жана отура албай турганын билдирди:  

«Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула», — деди Атамбаев. Ал соттогу темир айнекти тепкиледи. Андан кийин сот залынан алып кетишти.

Буга чейин да Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишип, ага «Тез жардам» чакыртылган.

Онунчу октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кадыр, Сейид Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов “массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков бошотулган.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты