Алия Назарбаева колдоо көрсөткөндөргө ыраазылыгын билдирди  

  • 2 года мурун

Казакстанда баш-аламандыктан бери Назарбаевдердин үй-бүлөсү үн ката элек болчу. Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Фейсбук баракчасына ыраазылык билдирүүсүн калтырды.   

-Кымбаттуу достор! Биздин өлкөдө болуп өткөн кайгылуу окуяларга жүрөгүм сыздап, кайгырып атам. Жабыркаган жана каза болгондор  үчүн кайгы менен өкүнүчтү жеткирүүгө сөз да табылбай турат. Курман болгондордун үй-бүлөсүнүн бардыгына көңүл айтам.

Ушул катаал сабак тарыхыбызда акыркылардан болсун.  Тынч убакта адамдардын каза болушу туура эмес.  

Сиздерден келип жаткан колдоо сөздөрүңүздөргө ыраазылык билдирем.  

Азыркы учурда атама моралдык колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга да ыраазылык билдирем. Бул күндөрү атам ар кайсы аймактардан көптөгөн билдирүү алууда.   

Казакстанга тынчтык, гүлдөп-өсүү, ал эми казакстандыктарга бакубаттык жана ден соолук каалайм. Өзүңөрдү сактагыла,-деп айтылат билдирүүдө.  

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн үч аймагындагы — Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы өзгөчө абал режимин токтотту.

Токаев 4-январда өлкөдөгү жапырт нааразылык акциялар жана башаламандыктардын фонунда алгач Мангистау облусу менен Алматы шаарына, андан соң Казакстандын бардык аймагына 19-январга чейин өзгөчө абал режимин киргизген.

12-январда казак басылмалары талап-тоноого жана кагылышууларга шектелип дагы 1700 киши кармалганын кабарлашты. Муну менен өлкө боюнча кармалгандардын жалпы саны болжол менен 10 миң кишиден ашты.

11-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулары Казакстандын жетекчилигин «акцияга чыккандарга карата күч колдонууну» токтотууга чакырышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты