Алексей Навальныйдын сөөгү 1-мартта жерге берилет

  • 2 месяца мурун

Алексей Навальныйдын сөөгү 1-мартта Борисовский көрүстөнүнө коюлат.

Бул тууралуу Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.  

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунун жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей 16-февралда №3 төзөтүү колониясындаАлексей Навальныйдын каза тапканын билдирген.   

Алексей Навальный орусиялык оппозициялык саясатчы, алдамчылык, экстремисттик уюм түзүү ж.б. айыптар менен айыпталган. 19 жыл кесилип, Ямал-Ненец округунун Харп кыштагында №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.  

Ал Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын тарапташтарына каршы массалык акцияларды уюштуруп келген. “Коррупция менен күрөшүү” аттуу фонду бир нече жолу Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн коррупциясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

Сүрөттө: Алексей Навальный. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты