Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 17-апрелде, “112” кызматына Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты