Алдамчылыкка шектелип камалган Бекзат Өмүрбековдун үй камакка чыкканы маалымдалды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы айтылды.

Маалыматты “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 27-мартта ырастады.

Бекзат Өмүрбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.  

Алдамчылыкка шектелип кармалгандардын аты-жөнүнүн башкы тамгалары гана берилген. Анын бири Бекзат Өмүрбеков экенин социалдык тармактар жазышкан. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБине Т.И. аттуу жаран О. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБинын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты