Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 2 месяца мурун

Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Т.И. аттуу жаран О. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факт Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты