Акын, журналист Азамат Ишенбеков 2025-жылдын 9-январында №8 мекемеге которулат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 2024-жылдын 31-декабрында камактагы акын, журналист Азамат Ишенбеков юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясынын чечими менен жаза аткаруу кызматынын №8 мекемесинде жазасын өтөй турганы белгиленди.

Ишенбеков Азаматты 2025-жылдын 9-январында конвойлор этап менен №8 мекемеге которушат.

Бул тууралуу анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

18-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча сот улантылды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Журналист Махабат Тажыбек кызы тергөө абак жайынан аялдар абагына которулду.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын 16-январында көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат тараткан. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Сүрөттө: Азамат Ишенбеков. «ПолитКлиника». 27-март, 2024-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты