Журналист Махабат Тажыбек кызынын аялдар абагына которулганы айтылды
- 2 месяца мурун
Журналист Махабат Тажыбек кызы тергөө абак жайынан аялдар абагына которулду. Бул тууралуу анын жолдошу, иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасына жазды.
Ал эми «Айт-айт- десе» долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков тергөө абагында.
18-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровдун иши боюнча сот улантылды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Сүрөт: «ПолитКлиника». 18-июль 2024-жыл.