Акын, активист Аскат Жетигендин соту жылдырылды
- 5 дней мурун
Бүгүн, 13-мартта, Жогорку сотто акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралды. Судьялардын кеңешүүсүнөн кийин сот отуруму 18-мартка жылдырылды.
Сот отурумунда Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаков соттон ишти кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү. Дагы бир адвокат Нурбек Токтакунов анын сөздөрүндө бийликти басып алууга чакырык болбогонун айтып, аны актоону суранды.
Сот кеңешүүдөн кийин ишти кароону 18-мартка жылдырганын жарыялады.

Жогорку соттогу отурум. 13-март 2025. «ПолитКлиника».
2024-жылы 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 2024-жылы 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөт: Аскат Жетиген. 20-март 2024-жыл. Биринчи май райондук сотто. «ПолитКлиника»