Акылбек  Жапаров:  Жылына 20 млрд  сомду телефондон ушакташууга коротуп жатабыз

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын башчысы Акылбек Жапаров 21-октябрда башталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде жергиликтүү бийлик органдары инвентаризациялоо ишин создуктуруп жатканына нааразы болду.

-Кыргызстанда 10дон ашык уюлдук компания иштейт. Тамаша иретинде айтканда, жылына 20 миллиард сомду сүйлөшүүгө, ушакташууга коротуп жатабыз. Телефондун айынан пейлибиз бузулуп баратат, элден ырк да кетти. Телефон иш үчүн эмес, шыбаш үчүн эле керек болуп калдыбы деген ой келет,- деди Акылбек Жапаров.

Бүгүн, 21-октябрда, Бишкекте өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмеси болуп жатат. Ал эртең дагы улантылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты