Жапаров: Коррупцияга каршы күрөштө кызматкердин жүрүм-турум стандартын түзүү зарыл   

  • 3 года мурун

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кызматкердин жүрүм-турум стандартын түзүү зарыл.

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда башталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

Мисалы, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коррупцияга аз да болсо малынган мамлекеттик кызматкердин кызматтык карьерасы бүтөт. Экинчи мамлекеттик структураларга кызматка алынбайт! Биз да ушундай күчтүү стандартты кабыл алабыз. Бардык мамлекеттик органдарга санарип программаларды киргизип, элди тейлөө жагын жеңилдетишибиз керек, -деди Садыр Жапаров.

 Ошондой эле бир гана УКМКнын Антикорупциялык кызматы коррупцияга каршы күрөшүүдө 2020-жылдын октябрынан баштап ушул күнгө чейин мамлекетке келтирилген зыяндын эсебинен  7,5 млрд. сомду кайтарганын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты