Акылбек Жапаров: Жаңы үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берүүсүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү   

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки 10-20-жылда курулган жаңы үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берүүсүн текшерүү боюнча мамлекеттик комисси түзүлгөндүгүн билдирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мир” телеканалына берген интервьюсунда билдирди. Журналисттин Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөөдөн улам урап калган үйлөрдөн кийин Кыргызстан кандай милдеттерди койгондугу боюнча суроого жооп берип, мындай деди:

“Тилекке каршы, биз 30 жыл Кыргызстандын демократиялык курулушу менен алектенип кеттик: алтыга жакын президенти, 33 өкмөт. Бардык тараптарга кылчайганга да убактыбыз болгон жок. Бирок биздин курулушчуларыбыз азаматтар, алар совет мезгилинде калыптанган курулуш нормаларын сактап келишти. Бизде инженерлер, көзөмөлдөөчү органдар бар, ошого карабастан биз мамлекеттик жумушчу комиссия түздүк, ал жаңы үйлөрдүн баары текшерип чыгат” деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин сейсмикалык инженердик иликтөө институтунун директору Камчыбек Кенжетаев  көп кабаттуу үйлөрдүн бирин текшерип чыгуу үчүн 200-300 миң сом талап кылынарын белгилеген.    

 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

БУУнун маалыматы боюнча, жер титирөөдөн Түркияда жана Сирияда ондогон миң тамдар урап калган. Каза болгондордун жалпы саны 50 миңден ашкан, миңдеген адамдар жаракат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты