Документтери жок үч медресе жабылды. Эреже бузган эки медресеге айып салынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 19 диний билим берүү мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК маалыматында айтылгандай, уруксат документтеринин жоктугунан улам 3 медресе жабылып, аларга мыйзам алкагында тиешелүү тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди одоно бузгандыгы үчүн эки медресеге айып пул салынып, убактылуу  ишмердүүлүгү токтотулган. Ал эми төрт медресеге майда кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.

Айрым медреселердеги диний адабияттар талап кылынган текшерүүдөн өтпөй калгандыктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына карап чыгууга жана бекитүүгө жөнөтүлгөн.

Окуучулардын арасында ата-энеси жок балдар, ошондой эле мигранттардын балдары бар экендиги аныкталып, бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилди.

Сүрөт: УКМК видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты