“Аалам стройдун” курулуш иштери токтотулду. Эреже бузууга жалпы суммасы 3 млн сом айып салынды
- 1 месяц мурун
17-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди.
Текшерүү учурунда «Аалам Строй» жоопкерчилиги чектелген компанияда (ЖЧК) таандык Анкара көчөсү 3а дарегиндеги турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун үлүш ээлерине пайдаланууга мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.
Курулуш иштерин жүргүзгөн «Аалам Строй» ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 млн сомду түздү.
Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.
Сүрөт: Курулуш министрлиги




