Акылбек Жапаров: «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуу зарыл

  • 1 год мурун

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы –Акылбек Жапаров Андиян облусунун Асака шаарындагы  «UzAuto Motors» акционердик коомунун заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты.

«Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек»  деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Асака шаарындагы заводдун курулушу 1994-жылдын июнь айында башталган. 1996-жылдын март айында ишканада Damas унаасын чыгаруу башталган. Анда Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда. Өткөн жылы завод 327 миң автоунаа чыгарса, быйыл 400 миңге чейин автоунаа чыгаруу пландалууда.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты