Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстанга барды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сапар учурунда Акылбек Жапаров Өзбекстандын бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалары менен таанышмакчы. Ошондой эле өлкөнүн жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жизак облусунун Манас айылынын тургундары, этникалык кыргыздар менен жолугушмакчы.  

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты