Акылбек Жапаров орус-украин маселеси боюнча пикирин билдирди  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-мартта, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин антикризистик чаралар боюнча жыйында билдирди. Акылбек Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айтты:

“Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм” деди Акылбек Жапаров.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремль муну согуш деп атабастан, “Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо” боюнча атайын операция деп гана атоодо.

Украина бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы окуяларды агрессия деп атаган резолюциясын 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдөн карманган 35 өлкөнүн бири Кыргызстан болгон. Орусияны өзүнөн башка төрт өлкө – Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея колдогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты