Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна кошунасы катары барган. Президенттик администрациядан жооп  

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин башчысы-президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун социалдык тармакта тараган Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын тоюндагы видео тасмадагы сөзү боюнча жооп берди.

Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасы аркылуу мындай деп берди:

-МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат.Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз,-деди Орунбеков.    

 

Аталган видео тасма качан тартылганы белгисиз. Камчы Көлбаевдин апасынын 70 жылдык тоюнда экен. Ал эми Көлбаевдин апасы 70 жашка 2018-жылы чыкканы айтылууда

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты