Акылбек Жапаров чехиялык компания өкүлдөрү менен таштанды ылгоо заводун куруу долбоорун талкуулады

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар болгон чехиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышып, чехиялык компаниялардын тобу консорциум түзүп, анын ммилдетине техника-экономикалык негиздемеден тартып, долбоорлоо жана тейлөөгө чейинки ишкананы түзүү боюнча иштердин жыйындысы кире тургандыгы айтылды.  

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин башчысы буларды белгиледи:  
«Калдыктарды кайра иштетүүчү завод куруу идеясы айтылып келе жаткандыгына көп болду, аны жигердүү ишке ашыруу керек» деди Акылбек Жапаров.    

Ал ошондой эле консорциум тараптан финансылык талдоо жана алдын ала техника-экономикалык негиздеме иштелип чыкканын, ал эми жакынкы аралыкта долбоордун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгаарын кошумчалады. Бул багыттагы тиешелүү иштер тездетилет.

-Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди, -деди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты