Акылбек Жапаров «Центерра» Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Центерра Голд” компаниясы Кумтөр боюнча жаңы жылга чейин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын кабарлады.

Бул тууралуу ал Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Жапаров Кумтөр маселеси толугу менен чечилгенин билдирип, “Центерра Голд” Кумтөргө толук ээлик кылбай калганын тастыктады деп кошумчалады.

“Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өткөндө Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өткөн. Алар жаңы жылга чейин жолугушабыз деген сунушун жөнөттү. Биз шайлоолор өткөндөн кийин дагы бир жолу, акыркы жолу жолугуп, өзүбүздүн эсеп-чотту тактап бүтөбүз”.

Өткөн аптада «Центерра Голд» Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантарын билдирген.

“Биз маалыматтык билдирүүдө так айтканыбыздай,  “Кумтөр” Centerra Gold Inc компаниясына толук караштуу туунду компания боюнча кала берет. Мындан ары Кыргызстан өкмөтүнүн “Кумтөр ”кенин мыйзамсыз тартып алуусу боюнча жоопкерчилиги тууралуу биз юридикалык кадамдарды жасай беребиз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок, болгону ал 2021-жылдын 10-августундагы кендеги биздин балансыбыздагы бизнес операциянын токтогондугун камтыган кулактандырууну чагылдырат”, — деп айтылган «Центерра» тараткан билдирүүдө.

Мындай билдирүүнү «Центерра Голд» ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтканына жооп иретинде жасаган. Жапаров “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан болчу. Буга «Центерра Голддун» расмий сайтында жарыялаган маалымат негиз болгон.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты