Акылбек Жапаров: Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча кызматташууга үмүттөнөбүз

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында кеңейтилген курамда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны өттү.

Отурумду Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алып барды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы “COVID-19” жарыялангандан бери жыйын биринчи жолу жеке жолугушуу форматында өтүп жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына уюмдун толук кандуу мүчөсү катары биринчи жолу катышып жаткан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер баштаган ирандык делегацияны куттуктады.

Андан ары ШКУнун Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартиби, ошондой эле баяндамачылардын тизмеси бекитилди.

Төрага катары биринчи болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Акылбек Жапаров «Биздин уюм ачык жана суроо-талапка ээ, мунун далили “ШКУ үй-бүлөсүнүн” кеңейиши» деп билдирди.

Ошондой эле ал кызматташтыктын эң маанилүү аспектиси биздин аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелери болушу керектигин белгиледи.

«Мамлекет башчыларынын Кеңешинин “ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин өркүндөтүү жөнүндөгү” чечимин ишке ашыруу максатында бул багыт тууралуу улуттук демилгелерди координациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.Бул багытта биз Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселеси боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз» деп билдирди Акылбек Жапаров.

«ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга олуттуу көңүл буруу керек. Биздин Уюмдун уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү жана институционалдык реформаларды киргизүү боюнча бизде көп иштер турат. Бул маселе боюнча тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү маанилүү деп эсептейбиз.

Бүгүнкү күндө Шанхай Кызматташтык Уюму дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды түзөт же дүйнө элинин 42%дан ашыгын түзөт.

Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн доллардан ашат. 

Ошону менен бирге, өсүштүн оң динамикасына карабастан, Кыргыз Республикасы менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өтө жогорку потенциалга ээ болгон соода-экономикалык өз ара аракеттенүү толук ишке ашырыла элек, бул соода байланыштарын тереңдетүү боюнча мындан аркы чараларды талап кылат» деди Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты