Бишкекте ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

  • 9 месяцев мурун

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземдери болду. Андан кийин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйыны өтүп, документтерге кол коюлат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты