Акыркы эки күнү шайлоого акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлөт

  • 3 года мурун

-Ушул акыркы эки күнү акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлөт, -деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Акылбек Жапаров шайлоого катышууну камсыз кылуу маселеси алдыда турганын да белгилеп кетти.  

— Администрациянын кызматкерлери толугу менен жер-жерлерди инспекциялап келди. Азыркы учурда биздин алдыбызга жаңы милдет пайда болду – эч кимге үгүттөө иштерин жүргүзбөй, шайлоого элдин катышуусун камсыз кылып берүү.

Ал үчүн ар бирибиз элибизге шайлоого катышуунун маанисин көбүрөөк жана тереңирээк түшүндүрүп беришибиз керек, -деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда,  Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралууда.

 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты