Кыргызстан Орусиядан зениттик ракета алганы айтылды
- 7 месяцев мурун
Кыргызстан Орусиядан России ЗРК С-300 зениттик ракетасын алды. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Известия” басылмасына билдирди.
Анын айтымында, бул ракеталар абадан коргонуунун бириккен системасынын элементтери, бул макулдашуу 2023-жылы күчүнө кирген.
-Бизде азыр абадан коргонуунун бириккен системасы иштейт. Азыр ошол системанын элементтери — С-300 Кыргызстандын аймагына келди,-деп билдирди Марат Иманкулов “Известия” гезитине. Иманкуловдун айтымында, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата парадда балким, аны көрүүгө үмүттөнөрүн билдирди.
Кыргызстан Орусиядан С-300 зениттик системасын алууга 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Москвага сапары учурунда макулдашкан. Ал эми 2023-жылдын ноябрь айында ал макулдашуу күчүнө кирген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




