Эл аралык окумуштуулар коому троллейбус маселеси боюнча президентке кайрылуу жасашты
- 2 года мурун
Транспорт тармагындагы окумуштуулардын эл аралык эксперттик коомчулугу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге дүйнөдөгү эң мыкты троллейбус системаларынын бирин сактап калуу боюнча ачык кат менен кайрылды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Маалыматта айтылгандай, Голландия, Германия, Канада, Түркия, Улуу Британия, Италия, Болгария, Польша жана Финляндиянын окумуштуулары катка кол коюшуп, борбор калаада абанын булгануу коркунучу алдында экологиялык жактан таза транспорт системасын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешкен.
«Урматтуу президент мырза, урматтуу Бишкек шаарынын мэри, сизди Кара-кыргыз автономиялык республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана өлкөңүздө троллейбустун өнүгүшүнүн 74 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Борбордо жана башка шаарларда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү боюнча сиздин бардык аракеттериңизди белгилейбиз.
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарындагы эң эффективдүү жана экологиялык жактан таза транспорт системасын жоюу демилгеси транспорт жана мобилдүүлүк чөйрөсүндөгү эксперттердин жана изилдөөчүлөрдүн эл аралык коомчулугун тынчсыздандырууда. Абанын булганышын жана климаттын өзгөрүшү кризисин натыйжалуу чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз өкмөтү газсыз транспортко өтүүнү камтыган комплекстүү иш-чаралардын планына муктаж. Бактыга жараша, шаарда жылына 20 миллион жүргүнчүнү толугу менен камсыз кылууга жөндөмдүү троллейбус — зыяндуу газсыз транспорт системасы бар»,- деп жазылган катта.
Ошондой эле окумуштуулар Европанын көп өлкөлөрүндө троллейбустар кайрадан иштетиле баштаганын жана бул баалуу транспорт системасы катары жайылтылганын кошумчалашкан.
«Бир нече жылдан бери Бишкек шаары кышында дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын ондугуна кирүүдө. Ошол эле учурда Бишкек троллейбус инфраструктурасынын узундугу боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 20 шаардын катарына кирет. Бишкектин жана Кыргызстандын жашоочулары үчүн пайдаланылбаган зор потенциал бар.
Бул петиция менен биз, окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн эл аралык коомчулугу, Бишкек шаарындагы троллейбус системасынын бардык же айрым бөлүктөрүн бузууну токтоосуз токтотууга чакырабыз. Биз ошондой эле Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын учурдагы транспорттук жана экологиялык саясатын кайра карап чыгууну катуу талап кылабыз»-деп билдиришкен окумуштуулар тобу.
Эске салсак, мындан 4 ай мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине маалымат берип, Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынарын билдирген.
Анын айтымында, троллейбустар өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрүп, аларды убактылуу башка көчөлөргө бурууга мүмкүн эмес. “Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле, биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик” деген Айбек Жунушалиев.
Сүрөт: интернет булактары




