Акыйкатчы укук коргоо органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндигин камсыздоого чакырды  

  • 4 месяца мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырат.

Акыйкатчы 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде болгон тинтүү иштери, басылманын жетекчилигин суракка алуу боюнча комментарий берип, мындан тышкары башка басылмалардын кармалган журналисттери жөнүндө айтуу менен укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык сөз эркиндиги жана өз пикирин ачык билдирүүдөгү жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертти, анткени мындай аракеттер сөз эркиндигине тескери таасирин тийгизет.

Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык журналисттердин укуктарын коргойт жана мамлекеттик органдарды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Жарандардын өз пикирин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы (10, 32-беренелер);

— Адам укуктарынын жалпы декларациясы (19-берене);

— Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берене);

—  “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы  (4, 8-беренелер) менен кепилдендирилген.

Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын журналисттер боюнча чечим кабыл алууда сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүдө  Конституцияда белгиленген кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат.

Жамиля Жаманбаева ошондой эле сот органдарын жана прокуратура органдарын журналисттерге карата укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган жана пландалып жаткан чаралардын мыйзамдуулугуна, өлчөмдөштүгү менен зарылдыгына укуктук баа берүү чакырыгы менен кайрылат.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Милиция “Темиров LIVE”, «Айт-Айт Десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди, директору Махабат Тажибек кызын суракка алып кеткен. Сурак берип жаткан ондой журналистке массалк башаламдынка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

«12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык, “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар» деп аныкталгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Сүрөттө: Жамиля Жаманбаева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты