Архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча жарлыкка кол коюлду
- 21 час мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Жарлыкта биринчи кезекте сакталууга жана мамлекеттик архитектуралык тарыхый-маданий экспертизадан өтүүгө тийиш болгон архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмегин бекитүү белгиленди.
Тизмекте көрсөтүлгөн объекттердин авариялык техникалык абалы же алардын жер титирөөгө туруктуулуктун колдонуудагы талаптарына ылайык келбеши объектти тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп табуу, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгаруу, бузуу (демонтаждоо) же ордун которуу үчүн негиз болуп саналбайт. Мындай учурларда аварияга каршы жана консервациялоо иштерин жүргүзүү камсыз кылынат.
Тизмекте көрсөтүлгөн архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышы камсыз кылынсын, ошол эле учурда төмөнкүлөр жөнүндө чечимдерди кабыл алууга жол берилбесин:
1) менчиктештирүү, ээликтен ажыратуу, алмаштыруу, күрөөгө коюу, уставдык капиталга киргизүү, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү, кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү;
2) тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп табуу, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгаруу, коргоо категориясын өзгөртүү, бузуу (демонтаждоо) жана ордун которуу;
3) объектти коргоонун предметин, анын көрүнүшүн, көлөмдүк-мейкиндиктик чечилишин же функциялык багытын өзгөртүүчү иштерге уруксаттарды берүү жана долбоордук документтерди макулдашуу;
4) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттерди сактоо боюнча иштерди кошпогондо, Тизмекте көрсөтүлгөн объекттердин аймактарынын жана аларды коргоо зоналарынын чегинде жер тилкелерин берүү жана курулушка уруксаттарды берүү.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына тизмекте көрсөтүлгөн, муниципалдык менчикте турган же тиешелүү аймакта жайгашкан объекттерге карата ушул жарлыкты жетекчиликке алуу сунушталды.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




