Акыйкатчы шайланды. Бирок мыйзам боюнча ал 50%дан кем добуш албашы керектиги айтылды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 17-майда, Жогорку Кеңеш депутаттары «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил»депутаттык тобу көрсөткөн талапкер Жамиля Жаманбаеваны Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы кылып шайлады. Бирок мыйзам боюнча талаш-тартыштар болуп кетти.

Жамиля Жаманбаевага 71 депутат добуш бергенде, 48 добуш алды, каршы болгондор жок, Бакыт Рысбеков 20 добуш алды, бирөө каршы болду. Депутат Гуля Кожокулова акыйкатчы 50 добуштан кем эмес добуш алышы керектигин белгиледи. Депутат Адахан Мадумаров «Акыйкатчы тууралуу» мыйзамда 50 % дан кем албашы керектигин кошумчалады.

Депутат Дастанбек Жумабеков Регламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алыныш керекти белгиленгенин айтты. Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Акыйкатчы шайлоо туура болгонун, көпчүлоүк добуш менен шайлоо туура экенин айтты.

Кечээ, 16-майда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот жана укук маселелер боюнча комитетинде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми “Ыйман Нуру” фракциясы Кулира Кубатованын талапкерлигин көрсөттү. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштады. 

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына эки талапкер — башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамила Жаманбаева жана Кыйноолордун алдын алуу боюча улуттук комитетинин төрагасы Бакыт Рысбеков көрсөтүлдү. Жамила Жаманбаева суроолорго жоопто өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экенин билдирди.

Талапкер Бакыт Рысбеков депутат Адахан Мадумаровдун мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кетишинде каталар болду деп жооп берсе, талапкер Жамила Жаманбаева Жогорку Кеңештин чечимдери талкуулоого жатпай турганын айтты.

3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдогон. Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.

Сүрөт: ЖК жыйынындагы тасмадан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты