Акыйкатчы кызматкерлери добуш берүүдөн тышкары жерлерде добуш берүүгө байкоо салууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-ноябрда, Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Жогорку Кеңеш депутаттарын имараттан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө.

Мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына, жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктарын ишке ашырууга жана ден соолук коопсуздугун камсыз кылуу жана коронавирустук инфекциядан коргоо ченемдерин сактоого көңүл бурууда. 

Акыйкатчы институту жарандарды шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө Акыйкатчы институтунун «115 шыр байланыш» телефонуна (чалуу акысыз),  www.ombudsman.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыштар боюнча түз билдирсе болорун маалымдайт. 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Добуш берүүчү жайдан тышкаы жайларда бүгүн добуш берилип жатат.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты