Шайлоо-2021: Добуш берүүчү жайдан тышкары да добуш беришет
- 3 года мурун
Жогорку Кеӊешке шайлоодо бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу 13 396 арыз түшкөн.
Бул тууралуу БШК маалымат бөлүмү билдирди.
Анын ичинде:
- Баткен облусу – 856;
- Ош облусу – 4114;
- Жалал-Абад облусу – 2700;
- Талас облусу – 480;
- Чүй облусу – 1550;
- Бишкек ш. – 1963;
- Нарын облусу – 1076;
- Ысык-Көл облусу – 657.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 арызкелип түштү:
- Баткен облусу – 836;
- Ош облусу – 4034;
- Жалал-Абад облусу – 2571;
- Талас облусу – 329;
- Чүй облусу – 1550;
- Бишкек ш. – 1784;
- Нарын облусу – 1024;
- Ысык-Көл облусу – 657.
- Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоо үчүн 53 шайлоочу, Тогуз-Торо АШК — 4, Чаткал АШК — 0 шайлоочу, Аксы АШК — 58, Кара-Суу АШК — 81 шайлоочу арыз беришти.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊеш депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:
- добуш берүү күнү ооруканада жаткан, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:
- добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери,
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
- жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,
- вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.
2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.
Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.
Сүрөт: ПолитКлиника/Айгүл Бакеева