Акыйкатчы аппарат кызматкери  УКМК камак жайындагы Мирлан Ураимовго жолукту

  • 2 года мурун

Кечээ, 9-февралда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу абак жайына камалган Мирлан Ураимовго жолукту.  

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Анда кармалган Ураимов УКМК кызматкерлери тарабынан катаал мамиле жасалбаганын, ага дене-бой же психологиялык жактан кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

Маалым болгондой, ага адвокат берилген, кармоо шартына да нааразылык айтылган эмес.  

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов 8-февралда кармалган.

УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси боюнча шектелип кармалганын билдирди.

Сүрөттө: Мироан Ураимов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты