Активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды
- 3 года мурун
Активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.
Кашкарбаев жазык кодексинин 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча шектелип жатат.
Шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кашкарбаев 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү