Активист Бакай Кашкарбаев кармалды

  • 2 года мурун

Активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Жазык кодексинин 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча шектелип жатат.

Шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киригизилип, учурда тергөө уланып жатат.

Кашкарбаев 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.

Башкы прокуратура анын социалдык тармактагы баракчасына бийлик өкүлүн коркутканы же ага карата зомбулук көрсөткөнү чагылдырылган видеотасмалар жарыяланганы үчүн январда кылмыш иши козголгону кабарлаган. Кийинчерээк айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты