Актилек Капаров менен Акыл Орозбековдун арызы боюнча сот процесси дагы жылдырылды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 18-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда камактагы 11 журналисттин арасындагы Актилек (Мааданбек) Капаров менен Акыл Орозбековдун арызын кароо боюнча сот жараяны болмок. Бирок судья ооруп калгандыктан, сот 21-февралга жылдырылды.

Бул тууралуу сотту чагылдырууга барган«ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы билдирди.

Актилек Капаров менен Акыл Орозбеков буга чейин алар убактылуу кармоочу жайда турганда (ИИМ кызматкерлери тарабынан алынып кеткен) телефон, ноутбуктарынын паролун ачтырууга опер кызматкерлер аракет кылышкан. Адвокатсыз, тергөөчүсүз эле, коюлган паролду ачтыруу аракетине каршы кармалгандар арыз жазышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат тараткан. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты