Аксынын Кара-Камыш айылында сел суусу каптаган үйлөрдүн короо-жайы тазаланды  

  • 2 месяца мурун

Аксы районунун Кара-Камыш айылында селдин кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамы менен 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, ошондой эле Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай урап калган.

Аксы районунун акими Бейшеновдун буйругунун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты