АКШнын президенти Байден  Польшага барат  

  • 1 год мурун

АКШнын президенти Джо Байден 20-22-февралда Польшага барат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирди. Джо Байден 21-февралда Украинадагы атайын операциянын бир жылдыгына, 24-февралга, карата кайрылуу жасайт.  

Президент Байден Польшанын Президенти Анджей Дуда жана «Бухарест тогуздугу» мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат. Ошол учурда Варшавада “Бухарест тогуздугунун”  саммити болот, ага Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакия кирет. Байден аталган өлкөлөрдүн башчылары менен да жолугушат.

Ак үй билдиргендей, Джо Байден 21-февралда Украинадагы атайын операциянын бир жылдыгына 24-февралга карата кайрылуу жасайт.  

Өткөн жылы 24-февралда Орусия Украинанын аймагына бир нече багыттан басып кирген. Былтыр күзүндө украин армиясы Донецк жана Луганск облустарынын райондорун бошоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты