АКШнын мамкатчысы Блинкен C5+1 аймактык кызматташуусунун чоң маанисин белгиледи

  • 2 года мурун

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен 28-февралда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү өткөрдү. Мамлекеттик катчы Блинкен Орусиянын Украинага алдын ала даярдалган, эч кандай себепсиз жана негизсиз чабуулун катуу айыптап, Украина эли менен үзгүлтүксүз туруктуу тилектештигин билдирди.

Катчы ошондой эле АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгиледи. Ал АКШнын бул өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн туруктуу колдоорун баса белгилеп жана биздин эл үчүн C5+1 аймактык кызматташуусунун чоң мааниге ээ экенин баса көрсөттү.

Украинадагы кырдаалды талкуулаган Борбор Азия жана АКШ мамлекеттеринин С5+1 форматындагы башкы дипломаттарынын онлайн жолугушуусу 28-февралда өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты