Борбор Азия жана АКШнын башкы дипломаттары Украинадагы кырдаал боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү

  • 2 года мурун

Украинадагы кырдаалды талкуулаган Борбор Азия жана АКШ мамлекеттеринин С5+1 форматындагы башкы дипломаттарынын онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасы тынчсыздануу менен ал окуяларга байкоо жүргүзүп жатканын билдирди. Бул жаңжалга бир тууган өлкө катышып жатканын белгиледи. Кыргыз эли орустар менен да, украиндер менен да тарыхый жылуу мамиледе экенин айтып кетти.  Кыргыз эли  бүгүн баарынан тынчтык керек экенин  баса белгиледи.

Бул жагынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо чох жоопкерчилик турганын кошумчалады.

Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнүн башталышын   кубаттап, натыйжалуу сүйлөшүүнүн башка форматтарын да жигердүү издөөгө чакырды.   

Жолугушууну жүрүшүндө болуп өткөн окуянын башка өлкөлөргө тийгизген таасири тууралуу да айтылды.  

Сүрөт: КР ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты