АКШнын Мамдепартаменти «Азаттыктын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады

  • 1 год мурун

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстан бийлигинин «Азаттык Медианын» сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды.

«АКШ «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы – «Азаттык» радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Эркин басма сөз бардык иштеп жаткан демократиялар үчүн маанилүү», – деди ал.

Нед Прайстын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттердеги баракчасында бөлүштү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрлик тараткан билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» жазылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

«Азаттык» – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз «Эркин Европа/Азаттык Үналгысы» корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда «Азаттык Медиа» деп расмий катталган.

«Азаттык» дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты