АКШнын бир катар шаарларындагы нааразылык акцияларына байланыштуу КР ТИМ маалыматтык билдирүү таратты
- 4 недели мурун
Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында улантылып жаткан көчө демонстрацияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дагы бир ирет аталган өлкөнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз коопсуздугуна жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырды.
Министрлик туруктуу чыңалууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарына нааразылык акцияларына катышуудан алыс болууга жана демонстрациялар, митингдер же башаламандыктар менен коштолушу мүмкүн болгон башка массалык чогулуштар өткөрүлүп жаткан жерлерден оолак болууну сунуштайт.
Зарыл болгон учурда кечиктирбестен Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу керектигин эскертет.
BBCнин билдирүүсү боюнча, АКШнын Лос-Анжелес шаарында башталган демонстрация Нью-Йорк, Атланта, Чикаго, Даллас, Филадельфия, Сан-Франциско шаарларында уланды. Ошол эле убакта Лос-Анжелес шаарында коменданттык саат киргизилип, камоолор улантылууда.
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, 6-июнда Лос-Анжелес шаарына жакын Парамаунт шаарында мигранттарга каршы рейдден кийин баш аламдык болуп, ондогон адам кармалган. Каршылык акциясына чыккандар менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. 7-июнда каршылашуу улантылган. АКШнын президенти Дональд Трамп Лос-Анжелес каршы Улуттук гвардиянын 2000 жоокерин жибере турганын билдирген. Калифорния штатынын бийлиги президенттин Улуттук гвардия жоокерлерин жиберүү чечимин сотко берээрин белгилеген.
Сүрөт: Reuters