ТИМ АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы мекендештерди коопсуздук чараларын сактоого чакырды
- 1 месяц мурун
АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан баш аламандыктарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ал өлкө аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырат.
Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо, эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;
митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоонуи сунуштады.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда ТИМ Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна төмөнкү «ыкчам байланыш» телефондору аркылуу дароо кайрылууну өтүндү: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, 6-июнда Лос-Анжелес шаарына жакын Парамаунт шаарында мигранттарга каршы рейдден кийин баш аламдык болуп, ондогон адам кармалган. Каршылык акциясына чыккандар менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. 7-июнда каршылашуу улантылган. АКШнын президенти Дональд Трамп Лос-Анжелес каршы Улуттук гвардиянын 2000 жоокерин жибере турганын билдирген. Калифорния штатынын бийлиги президенттин Улуттук гвардия жоокерлерин жиберүү чечимин сотко берээрин белгилеген.
Сүрөттө: Reuters