АКШда киши колдуу болгон жубайлардын жана алардын баласынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди
- 1 месяц мурун
- Видео
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарынын Иллинойс штатында киши колдуу болгон жубайлардын жана алардын уулунун сөөгү Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Американын Чикаго шаарындагы башкы консулдугунун жүргүзгөн иш-аракетинин натыйжасында 1980-жылы туулган М.А.нын, анын аялы, 1977-жылы туулган А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын сөөгү 17-мартта Кыргызстанга жеткирилди. Кыргыз Республикасынын Чикагодогу башкы консулдугу маркумдардын жакын туугандары жана АКШнын жергиликтүү органдары менен байланышта болууда. Тергөө иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу окуянын чоо-жайы айтылбайт. Бул окуя тышкы иштер министрлигинин жана Чикаго шаарындагы башкы консулдук тарабынан өзгөчө көзөмөлдө турат” деп билдирди ТИМ басма сөз кызматы.
АКШнын Иллинойс штатында Кыргыз Республикасынын эки жараны — жубайлар жана алардын 5 жашар уулунун өлүмү тууралуу социалдык тармактарда, ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирген:
“Бардык жагдайларды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылды. АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын сөөгү табылган. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек” деди ТИМ басма сөз кызматы.

«ПолитКлиника» медиасы киши колдуу болгон үй-бүлөнүн жакындары менен жолуккан. (Видео)
Сүрөт: Интернет булактарынан