АКШнын Иллинойс штатында кыргызстандык үй-бүлөнүн үчөөнүн өлүмү: Окуянын чоо-жайы айтыла элек

  • 1 месяц мурун

АКШнын Иллинойс штатында Кыргыз Республикасынын эки жараны — жубайлар жана алардын 5 жашар уулунун өлүмү тууралуу социалдык тармактарда, ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Бардык жагдайларды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылды. АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын жансыз денелери табылган. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек” деди ТИМ басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү Мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.

Бул иш Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жана Чикаго шаарындагы башкы консулдугунун өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты