АКШ, Катар, Түркия жана Египет Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча жыйынтыктоочу макулдашууга кол койду
- 1 месяц мурун
Египет, Катар, АКШ жана Түркия Шарм-эль-Шейх шаарында 13-октябрда өткөн өткөн тынчтык самиттинде Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча жыйынтыктоочу макулдашууга кол койду.
Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Газа секторундагы эки жылга созулган согуш аяктагандыгын билдирген.
Дональд Трамп салтанат учурунда аталган документ көптөгөн эрежелерди камтый тургандыгын билдирди.
Шарм-эл-Шейх шаарындагы саммитке дүйнөнүн 30 дан ашык лидери барды. Меймандардын арасында Палестинанын улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас да болду.
Саммитте ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаниягу да барган, бирок өз өлкөсүндөгү Симхат Тора майрамына катыша тургандыгын айтып, акыркы мүнөттөрдө саммиттен баш тартты.
Мурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Нетаниягу катыша турган болсо, башка мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге, саммиттен кетип калышарын билдирген.
Саммитте ХАМАС террористтик уюмунун өкүлдөрү катышкан жок.
ХАМАС 13-октябрда израилдик туткундарды бошотту. Израил да палестиналык туткундарды бошотту. Өз кезегинде Газа секторундагы туткундарды бошотуу жана ок атышууну токтотуу АКШнын ортомчулугу алдында түзүлгөн келишимге ылайык ишке ашырылды.
2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен.
Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.
Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 2024-жылы 19-августта ал АКШнын тынчтык орнотуу сунушун Израил колдогонун, эми кийинки маанилүү кадам ХАМАСтан күтүлүп жатканын айткан.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 2024-жылы 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнөн кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.
Сүрөт: Газа секторундагы ок атышууну токтотуу саммити. Шарм-эль-Шейх, Египет, 13- октябрь 2025-жыл. Reuters




