Акматбек Келдибеков президенттикке коюу ниети жок экенин билдирди

  • 3 недели мурун

 Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков президентикке талапкерлигин коюу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук тармагына жазды.  

 «Мына, эки күндөн бери тааныштарым: «Президенттик шайлоого аттанат турбайсызбы» деп тынбай телефон чалып жатышат. Ал тургай «Келдибеков шайлоого барат экен» деп атайын мени каралаган топ түзүлүптүр. Шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, калп маалыматтар менен элдин башын айландыруу кимге керек? Анан калса, менин президенттикке коюу ниетим жок» деди Келдибеков.

«Анткени, биз бүгүн дос катары бийлик эмес, сый талаша турган курактабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровдун колдоо жана жакын санаалаштарымды колдоого чакыруу — менин милдетим. Мен үчүн элибиздин биримдиги, журтубуздун бүтүндүгү баарынан кымбат» деп билдирди Акматбек Келдибеков.  

Ал 2020-жылдан бери жеке ишкерлик менен алек болуп жүргөнүн, азыркы бийлик менен дос, жакшы мамиледе экенин да кошумчалады.   

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамынын 10-главасына ылайык, 2027-жылдын төртүнчү жекшембисинде же 2027-жылдын 24-январында өткөрүүгө туура келет. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоону дайындоо күнү добуш берүүгө төрт ай калганда же 2026-жылдын 24-сентябрынан кечикпей белгилениши керек.   

Бул тууралуу Конституциялк сот 17-февралда президенттин президентти шайлоону мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берүүсүнө расмий чечим кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты