Акмат Бакиевдин уулу Курсант Салиев парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер болуу арызынан баш тартты
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда № 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Салиев Курсант Акматовичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады.
БШК Курсант Салиевдин арызын эске алып, 2025-жылдын 11-октябрындагы чечими менен катталган анын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайман уулу Таланттын каттоосун жокко чыгарды.
Бул тууралуу БШК маалымдады.
Курсант Салиев мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин уулу. Акмат Бакиев 2010-жылы 3-апрелде эл аралык издөөгө алынган. 21-июлда ал кездеги Жалал-Абад, азыркы Манас шаарынан кармалган. Анын жанында эки тапанча, 75 ок-дары, беткап, жасалма сакал табылган. Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга түзөтүү лагерине кесилген. 2012-жылы 3-мартта №35 колониядан качып кетип №6 ооруканага жаткан. Андан кийин ооруканадан да качып кеткен.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Жаныш Бакиев, Максим Бакиев жана башка Бакиевдер Кыргызстанга келсе, камалабы деген суроого мындайча жооп берген:
«Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе, мен жогоруда айткандай, камалышат. Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматы боюнча, Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен” деп жооп берген.
Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн кетип, андан бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында баш калкалап келет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Сүрөттө: Курсант Акматович Салиев, Курманбек Бакиевдин иниси АКмат Бакиевдин уулу. shailoo.gov.kg




