Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак маалым болгондой, УКМК Акбөкөн Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат.

6-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Талапкер ошол эле күнү айыпталуучу катары кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо 15, 99% добуш алып, башка атаандаштарынан озуп чыккан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты